Кыргыз футболчуларынын катышуусундагы Азия чемпиондугунун тандоо туру май айына жылдырылды

Өлкөнүн 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы жаштар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу турунда оюндарды Бириккен Араб Эмираттарында өткөрөт. 2016-жылы өтө турган мелдештин тандоо туру Азия футбол конфедерациясынын чечими менен 16-24-май аралыгында өтмөй болду.
Маалым болгондой, кыргыз мамлекетинин жаштар курамасы жайгашкан “В” тайпасында Кувейт, Иордания, Түркмөнстан жана Пакистан курамалары бар.
Кошумчалай кетсек, тандоо туру 23-марттан 31-мартка чейин аяктап, башка 9 тайпадан 9 команда мелдештин финалдык баскычына жолдомо алган. “В” тайпасындагы оюндар болсо Пакистандагы жардыруулардан улам жылдырылган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
uefamif

09.04.2015. 17:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.