Нарын облусунда мал жутка кабылуу коркунучунда калганы айтылды
Нарын облусунда мал жутка кабылуу коркунучунда. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эсенгул Исаков билдирип, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги мындай кырдаал боюнча ыкчам чечим кабыл албай жатканын сынга алды. Депутат Ат-Башы районунда бир боо чөп 400 сомго чыкканын, ага акчасы жетпегендердин малы жутка кабылышы мүмкүн экенин айтты. “Бул өзгөчө кырдаал. Буга чейин дагы жем-чөптүн жоктугунан элдин малы жутка кабылып, тургундар чыгымга учураган. Алдын ала кам көрүү керек”,- дейт депутат.
Исаков малды эмдөө иштери жүрбөй жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















