Былтыр саламаттыкты сактоо тармагына 1,5 миң дарыгер жана 4,5 миң орто билимдүү медицина кызматкери жумушка алынган

Былтыр саламаттыкты сактоо тармагына 1,5 миң дарыгер жана 4,5 миң орто билимдүү медицина кызматкери жумушка алынган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында белгилүү болду.
Маалым болгондой, былтыр өлкө калкынын ден соолугуна 13 004 дарыгер жана 32 481 орто билимдүү медицина кызматкери кам көрдү. Башкача айтканда, 10 миң жаранга 22,5 врач жана 56,2 медкызматкер туура келет. Дарыгерлердин камсыздалышы боюнча көрсөткүч бардык облустарда бирдей эмес, мисалы, Ош шаарында 10 миң адамга 28,5 врач туура келсе, Талас облусунда көрсөткүч кыйла төмөн – 13,5. Ал эми Сузак, Чаткал, Жети-Өгүз, Нарын, Алай жана Талас райондорунда дарыгерлер менен медайымдардын саны 10 миң жаранга 9дан аз. Мындан улам саламаттыкты сактоо тармагы былтыр медицина кадрларын ишке тартуу боюнча бир топ аракеттерди көргөн.




1 |