super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков: "Президенттин Европага болгон иш сапары ийгиликтүү өттү"

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа мамлекеттерине болгон иш сапары ийгиликтүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы президенттик аппаратка тиешелүү программаны ийне-жибине чейин иштеп чыгууга тапшырма берди. "Биз программаны 2-3 күндүн ичинде бүтүп, өкмөткө, парламентке жана мамлекеттик мекемелерге жөнөтөбүз. Бул багытта ар бир кадамды жасоодо абдан тыгыз иштешибиз керек",- деди Исаков.

А.Атамбаев дагы бир нече өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын жактаган иш сапарлары менен барууну пландап жатат. "Буга чейин президент араб мамлекеттерине барган, кечээ Европа өлкөлөрүнө болгон иш сапарынан келди. Мунун баары Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты көп багыттуу болорун көрсөтөт",- деп билдирди Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: