Евробиримдик кыргыз мамлекетине парламенттик шайлоону өткөрүүгө 10 миллион евро грант бөлөт
Евробиримдик Кыргыз Республикасына 2015-жылкы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 10 миллион евро өлчөмүндө грант берет. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында КРнын Президентинин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, гранттын өлчөмү 30 миллион еврого чейин көтөрүлүшү мүмкүн. "Мындай макулдашуу президент Алмазбек Атамбаевдин Европа мамлекеттерине болгон иш сапарынын алкагында кабыл алынды",- деди Исаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:11
2026-02-25
14:54
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















