Былтыр төрөлгөн ар бир 1000 наристенин 23ү өлүү төрөлгөн

Былтыр өлкөдө 1000 жаңы төрөлгөн наристенин 23ү өлүү төрөлгөн. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 2-апрелде билдиришти. Маалыматка караганда, өлүү төрөлгөн наристелердин 54,8 пайызы энесинин кош бойлуу кезинде жабыркап калган, 15,5 пайызы дем алуу органдарындагы оорулардан, 14,6 пайызы тубаса дарттардан жана 4,4 пайызы ар кандай инфекциялардын жана мителердин айынан чарчап калышкан.
Муну менен катар стационарга түшкөн 1 жаштан 2 жашка чейинки балдардын Бишкек шаары боюнча 12,4 пайызы каза болгон. Ал эми Жалал-Абад облусунда 20 пайызы жана Баткен облусунда 16,7 пайызы чарчап калган. Бул статистикалык көрсөткүчтөр Бишкек шаары боюнча азайган, ал эми Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир кыйла өскөнү байкалган.


