Күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу сакталат

2-апрелден 6-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.