super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге көңүл айтты

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 2-апрелде Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге жарандардын өмүрүн алып кеткен Охот деңизиндеги кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

"Урматтуу Дмитрий Анатольевич!

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Охот деңизинде “Ыраакы Чыгыш” траулеринин адам курмандыктары менен коштолгон кырсыкка кабылышына байланыштуу көңүл айтам. Бул кайгылуу окуяда өз жакындарын жана туугандарын жоготкондордун кайгысын тең бөлүшөбүз. Курман болгондордун жакындарына көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектештигимди билдирем",- деп айтылат Оторбаевдин көңүл айтуу катында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: