super.kg logo

Экс-муфтий Рахматулла Эгембердиев сот отурумдарына келбегени үчүн издөөгө алынган

 

Экс-муфтий Рахматулла Эгембердиев сот отурумдарына келбегени үчүн издөөгө алынган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы УКМК тарабынан Р.Эгембердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөрүлүп берилген. Ал бир канча жолу сот отурумдарына келген эмес. Мындан улам ага издөө жарыяланган.

Буга чейин мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевдин Казакстандан кармалганы боюнча маалымат тараган.

Айта кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында интернет булактарына "Рахматулла Эгембердиев - КМДБ башчысы" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин айткан. 2014-жылдын 7-январында Эгембердиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.04.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын адамдары ушундай болсо, кимге ишенебиз.
03.04.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamal777,сага ким айты муну кудайдын адамы деп..молдо корунгондун баары эле молдо эмес.адамга окшогондун баары эле адам эмес.
03.04.2015. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба дейткоо элибизде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: