Аскарбек Акиев: “3-октябрдагы митингди өткөрүү боюнча депутат Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө сүйлөшүү болгон”
"3-октябрдагы митингди өткөрүү боюнча 25-сентябрда депутат Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө сүйлөшүү болгон”. Бул маалыматты бүгүн, 15-февралда "ата журтчу" депутаттар боюнча өтүп жаткан сотто кошумча күбө катары суралган митингдин катышуучусу Аскарбек Акиев маалымдады. Айтымында, ал күнкү сүйлөшүүдө депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов болгон эмес жана бийликти күч менен басып алуу тууралуу сөз айтылбаган. “Жапаров бизге “Кумтөр” кенин улутташтыруу боюнча тынчтык митинг өткөрөбүз, колдоп бериңиздер" деген. Митинг учурунда Камчыбек Ташиевдин сүйлөгөн сөзүн уккан эмесмин, аны үйгө барганда сыналгыдан көрдүм",- деди Акиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

