super.kg logo
  Саясат  

Асия Сасыкбаева Польшанын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Яцек Ключковски менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 2-апрелде Польшанын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Яцек Ключковски менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Польшанын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, А.Сасыкбаева акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердеги жетишилген прогрессти жогору баалап, буга өткөрүлгөн бир катар иш-чаралар жана иш сапарлар мисал болорун айтты. Ошондой эле төраганын орун басары шайлоо системин жакшыртуу боюнча сөз козгоду. “Бул жолку шайлоо өлкө үчүн чечүүчү ролду ойнойт. Ошол себептүү биз шайлоонун ачык жана таза өтүүсүнө болгон аракетти жумшайбыз”,- деди А.Сасыкбаева. Я.Ключковски өз кезегинде кыргыз өлкөсүнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө кызыкдар экенин белгиледи.   

Тараптар жакында бөлүнө турган польшалык насыяны айыл чарба тармагында эффективдүү колдонуунун зарылдыгын да сөз кылышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: