Бишкекте Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Бүгүн, 3-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 2010-жылдын Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган “Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачкан күн” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө эзелтен эркиндикти туу туткан кыргыз элинин 2010-жылдын 7-апрелинде үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, коррупцияга баткан бийликке каршы чыгып, эркиндик, адилеттүүлүк үчүн болгон күрөшүнө арналган. Анын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, ошондой эле Апрель революциясынын катышуучулары келишти. Көргөзмөгө В.Оселедко, И.Коваленко, В.Пирогов, В.Воронин жана Н.Горшкова аттуу белгилүү фотокабарчылардын 150гө чукул сүрөттөрү коюлган. Ал 2015-жылдын 21-апрелине чейин созулуп, кирүү акысыз болмокчу.
Фотокабарчы Владимир Ворониндин айтымында, ал революцияны сүрөткө тартып жаткан учурда анда коркуу сезими болгон эмес. "Кийинки күнү, качан сүрөттөрдү сорттоп баштаганда журналисттер тобокелдикке салып жүрүшкөнүн түшүндүм. Бул көргөзмө менен мындай окуялар эч качан кайталанбашы керектигин айткыбыз келет",- дейт Воронин.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
T.Shaiyrbek

03.04.2015. 13:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кылат эми элдин жарасын тырмап кайрадан,баарынале откон бийликти куноолоп тажабадыбекен!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.