super.kg logo

Ошто студенттер түрдүү кырсыктардан сактануу боюнча сабак алышты

 

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун колледжинин студенттери өзгөчө кырдаалдар мезгилиндеги жашоо коопсуздугу боюнча атайын адистерден практикалык сабак алышты.

Окуу жайдан кабарлашкандай, бул иш-чара Коопсуздук күнүнө карата уюштурулууда. Анда студенттер теориялык жактан гана билим албастан, өрт учурунда, сел келген мезгилде, көчкү жүргөн жайларда коопсуздук чараларын колдонуу, сактануу жана биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү. Анда атайын ӨКМнын Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери, куткаруучулар жана медициналык кызматкерлер келип, практика жүзүндө көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын жасалма абал уюштурулду. Сценарий боюнча имараттардын биринен өрт чыгып, анда бир нече жаран калып калган көрүнүш жасалган. Аны өчүрүү үчүн өрт өчүрүүчүлөрдү жана медициналык "Тез жардам" кызматын чакырышат. Алар келип, жабыр тарткан жарандарга биринчи жардамын көргөзүп, өрттү өз убагында өчүрүп калышты. Мындай жасалма абал окуяны атайын студенттер көрүп үйрөнүүсү үчүн уюштурулду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: