super.kg logo

Мурдагы эл өкүлү Урмат Аманбаеванын иши боюнча сот отуруму 21-апрелге жылдырылды

 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы эл өкүлү Урмат Аманбаеванын иши боюнча сот отуруму болду. Анда Аманбаева менен бирге айыпталып жаткан Асанов жана Шамшиеванын жактоочусу Чынара Баатырова ишти карап чыгуу үчүн убакыт сурады. Анын өтүнүчүн сот Анарбек Мамбеталиев канааттандырып, ишти кароону 21-апрелге жылдырды.

Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутаттын мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: