Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери чек ара көйгөйүн талкуулашты

Бишкекте бүгүн, 3-апрелде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловдун жолугушуусу өттү. Министрлер эки тараптуу кызматташтыктын абалын, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашты. ТИМдин маалымат кызматына таянсак, тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, бардык багыттар боюнча байланышты бекемдөө зарылдыгын белгилешти.
Айта кетсек, Бишкекте бүгүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

