super.kg logo
  Спорт  

Олимпиадага даярдоо борборунун директорун сабаган машыктыруучу Руслан Маджиновдун ишин федерация 6-апрелде карайт

 

КРнын Күрөш спорту боюнча федерациясы улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Руслан Маджиновдун окуясы боюнча ишти 6-апрелде карайт. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда жетекчилик Бишкекте эмес. Ошол себептүү федерация маселеге 6-апрелде токтолот. 

Кошумчалай кетсек, эркин күрөш боюнча кураманын машыктыруучусу Руслан Маджинов менен Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаровдун ортосундагы жаңжал 31-мартта катталган. Өз бөлмөсүндө отурган Ү.Майназаров менен кайсы бир документке кол койдуруу үчүн келген машыктыруучу Р.Маджинов тил табыша албай калган. Жыйынтыгында машыктыруучу аталган борбордун директорун 2 ирет чапкан. Аларды Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаев арачалап калган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул чон муштум машыктыруучуну эмнеге камабай атышат. Жонокой карапайым адам болгондо эмдигиче менттер эзип коюшмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: