super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринде электр энергиясынын тарифтерин өзгөртүү 1-апрелден 1-июнга жылды

 

Кыргыз мамлекетинде быйыл электр энергиясы тартыш болот. Муну бүгүн, 3-апрелде өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди. Мекеме Токтогул суу сактагычында суунун абдан төмөнкү деңгээли сакталарын, мунун айынан электр энергиясы импорттолушу мүмкүн экенин эскертет.

Агенттик электр энергиясынын тарифтерин өзгөртүү күнүн 2015-жылдын 1-апрелинен 1-июнуна которуу жөнүндө өкмөттүн токтом долбоорун даярдап, өкмөттүн кароосуна киргизди. Тарифтер тиричилик абоненттери үчүн төмөнкүдөй болмокчу:

 

Керектөөчүлөр тобу

Өлчөө бирдиги

2014-жылдын декабры

2015-жыл, 1-июндан баштап

2016-жыл, 1-июндан баштап 

2017-жыл, 1-июндан баштап

1

Тиричилик абоненттери:

 

 

 

 

 

1.1

Айына 700 киловаттка чейин иштеткен учурда

тыйын-кВт-саат

70 тайын

84 тыйын

1 сом 8 тыйын

1 сом 21 тыйын

Өсүш

пайыз

0 пайыз

20 пайыз

20 пайыз

20 пайыз

1.2

Айына 700 киловаттан ашык иштеткен учурда

тыйын-кВт-саат

1 сом 82 тыйын

1 сом 82 тыйын

орточо тариф (1 сом 37 тыйын + импорттун баасы)

орточо тариф (1 сом 47 тыйын + импорттун баасы)

 

Агенттик Жалал-Абад облусунун айрым аймактарындагы электр энергиясынын тарифтери тууралуу буларды билдирет: "Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун абоненттери үчүн электр энергиясына өзгөчө тариф КРнын 1998-жылдын 12-сентябрындагы "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" мыйзамы менен бекитилген анын өзгөчө статусуна ылайык белгиленген.

Кара-Көл шаарынын тургундары үчүн электр энергиясын керектөө ченемдери КРнын 2007-жылдын 28-майындагы "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү тууралуу" мыйзамы менен белгиленген, ал эми Токтогул районунун тургундары үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан белгиленет, анын ичинде өкмөттүн токтому менен тарифтик саясат бекитилет.

Токтогул ГЭСинде 2014-жылы 1 киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгуунун өздүк наркы 8,9 тыйын болгондо, 1 киловатт-саат үчүн 4,5 тыйын тарифи тарифтик саясатта 2015-жылдын 1-июнуна чейин сакталган.

Мындан тышкары Токтогул районунун тургундары үчүн электр энергиясын керектөөнүн төмөнкүдөй ченемдеринин чегинде тиричилик муктаждыктарына пайдаланганы үчүн төлөөдө 50 пайыздык компенсация колдонулуп келет.

Мындан башка бардык жеңилдиктерди жана компенсацияларды эсепке алуу менен калк үчүн орточо өлчөнгөн тариф 2014-жылы 1 киловатт-саатка 45,94 тыйынды түздү. Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары үчүн өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу 1 киловатт-саат электр энергиясы бир топ арзан.

Жалал-Абад облусунун айрым абоненттери үчүн өзгөчө режим каралган:

Керектөөчүлөр тобу

Өлчөө бирдиги

2014-жылдын декабры

2015-жыл, 1-июндан баштап

2016-жыл, 1-июндан баштап 

2017-жыл, 1-июндан баштап

1

Тиричилик абоненттери:

 

 

 

 

 

1.1

Бардык абоненттер 150 киловаттан ашырбаса

тыйын-кВт-саат

4,5 тыйын

4,5 тыйын

4,5 тыйын

4,5 тыйын

Өсүш

пайыз

0

0

0

0

1.2

Бардык абоненттер 150 киловаттан 700 киловаттка чейин

тыйын-кВт-саат

70 тыйын

84 тыйын

1 сом 8 тыйын

1 сом 21 тыйын

Өсүш

пайыз

0

20 пайыз

20 пайыз

20 пайыз

1.3

Бардык абоненттер 700 киловаттан ашык иштетишсе

тыйын-кВт-саат

1 сом 82 тыйын

1 сом 82 тыйын

орточо тариф  (1 сом 37 тыйын + импорттун баасы)

орточо тариф  (1 сом 47 тыйын + импорттун баасы)

Өсүш

пайыз

71,8 пайыз

7 пайыз

7 пайыз

7 пайыз



 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: