super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынан жабыркагандарга берилчү жөлөк пулду 2115 сомдон 3700 сомго көтөрдү

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "2002-жылдын 17-18-мартында Аксы окуясында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыркагандарды социалдык коргоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Президенттик аппараттын билдиришинче, муну менен Аксы окуясында жабыркагандарды жана Апрель окуясында жабыркагандарды кошумча социалдык колдоо деңгээли теңелди.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2002-жылдын Аксы окуясында жабыр тарткандардын кошумча социалдык колдоо деңгээлин жана социалдык кепилдиктерди 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жабыр тарткандардын деңгээлине теңештирүүнү караган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу милдети тапшырылды.

Учурда Аксы окуясы боюнча социалдык төлөмдү 31 адам алат, социалдык жөлөк пулдун суммасы айына 2115 сомду түзөт. Ал эми кошумча социалдык жөлөк пул дайындалганда анын көлөмү айына 3700 сомго жетери айтылды. Төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

"Жарлыкка ылайык, Аксы окуясында жабыр тарткандар бул кошумча үстөк пулду (айына 1585 сомдон) 2015-жылдын 1-майынан тартып ала башташат. Мамлекет башчы бул маселе мыйзам жолу менен жөнгө салынганча каралган каражатты президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүп турууга милдеттендирди",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: