Маданият министрлиги театрдын академиктерине диплом тапшырды







Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 2-апрелде Театр ишмерлер союзунун театралдык академиясынын мүчөлөрүнө "Академик" дипломдорун тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетовдун айтымында, академия 2013-жылы театр жаатында мыктыларды аныктап, «Эргүү» сыйлыгын тапшыруу үчүн негизделген.
Академияда 51 академик бар, добуш берүү алдын ала берилген анкета боюнча жашыруун жүргүзүлөт. Жобо боюнча академиктин курагы 40 жаштан жогору болуш керек, мындан тышкары курамы 5 жылда бир жаңыланып, тизмеге 5 гана адам кире алат. Академиктердин катарында Кыргыз Эл аристтери, Эмгек сиңирген артисттер бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.