Бишкектин мектептерин жашылдандыруу боюнча акция өтүүдө























Бүгүн,
3-апрелде Бишкектин бир катар орто мектептеринде “Жашыл Бишкек: мектептерди
жашылдандыруу” деген аталыштагы акциянын алкагында 1000 бак-дарак отургузулууда. Бул тууралуу “Роза
Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, көчөттөрдүн
түрү Бишкектин Ботаникалык багы тарабынан берилген. Иш-чара алгач Кара-Жыгач
конушунда жайгашкан №91-мектептен башталды. Ага “Роза Отунбаеванын демилгеси”
фондунун, Бишкек мэриясынын, Ага-хан фондунун өкүлдөрү катышты. Ошондой эле
бүгүн көчөт отургузуу боюнча акция борборубуздун №78 жана №83-орто мектептеринде да өткөрүлдү. Ал эми эртең №72,
№51 жана №2-мектептеринин айлана-чөйрөсү жашылдандырылат.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Интернеттен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.