Ысык-Көлгө 253 миң даана форель балыгынын уругу чачылды

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыктардын санын көбөйтүү максатында 750 миң даана форелдин уругу жана 11 миллион 500 миң даана сиг балыгынын уруктары инкубацияга алынды. Муну менен катар бүгүнкү күндө Ысык-Көлгө 253 миң даана форелдин уругу чачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Балык чарба департаментинин кызматкерлери быйыл уруксатсыз уучулук кылгандарды аныктоо боюнча 15 жолу рейдге чыгышкан. Анын жыйынтыгында 4 акт толтурулуп, анын үчөө балык коргоо мыйзамынын бузулушуна ылайык тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Ал эми аталган мыйзамды бузганы үчүн Жумгал райондук соту С.Кыдыртоктоев аттуу жаранды шарттуу түрдө 2 жылга кесип, ал эми Балык чарба департаменти келтирилген чыгымдарды кайтаруу боюнча иштерди улантууда.


