super.kg logo

Кыргыз тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча меморандумга кол коюлду

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Башкаруу академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, меморандум «КРнын 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыкты. Меморандум кол коюлган күндөн тартып 12 ай күчүндө болот.

Биргелешип иштөө төмөндөгү багыттарды өзүнө камтыйт:

- КРда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашырууга;

- КРда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча концепцияны иш жүзүнө ашырууда биргелешкен аракеттерди көрүүгө;

- көп улуттуу элдердин арасында кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу менен бирге анын улуттарды бириктирүүчү тил катары даражасын көтөрүү;

- мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга;

- мамлекеттик тилди кесиптик билим берүүдө жана иш кагаздарын жүргүзүү системинде тереңдетүү жана кеңейтүү;

- окуу китептерин иштеп чыгарууда алардын ченемдик-усулдук негиздерин түзүү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.04.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
'o' tamgasının 'a' bolup okulushu kirgiz tilinin grammatikasında jok,birok kop sozdordo jolugat ushunday uchur,bunu da eske alishinizdardi suranam.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: