Нарында жарыяланган 2 айлык ишембиликтин алкагында бир катар иштер аткарылууда
Нарын шаарында жарыяланган 2 айлык ишембиликтин алкагында РТС аймагынын кɵчɵлɵрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ. Мэриядан кабарлашкандай, ички кɵчɵлɵргɵ суу тартылып, үйлɵргɵ киргизилгенден кийин пайда болгон майда дɵңчɵлɵрдү таптоо, кɵчɵлɵрдү чоң таштардан арылтуу, жол боюндагы үйүлгɵн топурактарды тазалоо иш-аракеттери башталды.
Бул жумуштарды аткарууга 3 атайын техника тартылып, "Нарын суу-канал" ишканасынын кызматкерлери жана жумушчулары иш алып барууда. Ошондой эле аталган аймактагы айрым тар кɵчɵлɵргɵ техника кире албай калган учурлар да кездешүүдɵ. Мындай жагдайда мэрия жергиликтүү жашоочуларга кайрылып, тазалоо иштерине салым кошууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.