Нарын шаарынын тургундары шаар бийлигине чечилбеген таза суу, жол маселелерин айтышты
Нарын шаарынын мэри Рахат Адиевдин тургундар менен жолугушуусу уланууда. Мэрдин шаардагы Москва аймагынын жашоочулары менен жолугушуусунда бир катар маселелер айтылды.
Мэриядан кабарлашкандай, шаардагы үч жаңы конуштун экөө аталган аймакта жайгашкан. Тургундар мэрге таза суу чыгаруу, темир түркүктөрдү орнотуу, канализация, жол маселелери боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Мындан сырткары балдар ойноочу аянтчаларды куруп берүү боюнча кайрылуулар, курулуш иштери токтоп калган имараттардын мындан аркы максаттуу багыты туурасында суроолор берилди.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө мэр 2014-жылы шаарда аткарылган жана алдыда жасала турган иштер боюнча маалымат берип, ар бир чөлкөмдө өткөрүлүп жаткан жолугушуулардын негизги максаты көйгөйлөрдү угуу, аларды чечүүнүн жолдорун издөө экендигин белгиледи.


