super.kg logo
  Саясат  

Талас. Ооган согушунун ардагерлеринин урматына эскерүү митинги болуп өттү

 
Бүгүн Талас шаарында Ооган согушунун ардагерлеринин урматына эскерүү митинги болуп өттү. Бул иш-чарага өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Рескелди Ботиков, шаар мэри Анарбек Кушубеков баштаган жетекчилер катышышты. Аталган митинг Ооган согушунда курман болгон аскерлердин эстелигине гүл коюу, аларга арналып асманга ок чыгаруу иш-чарасы менен башталды. Рыскелди Ботиков ардагерлерге ыраазычылык билдирип, алардын ар бирине мактоо баракчаларын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ал эми шаар мэри Анарбек Кушубеков мэриянын атынан 30 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык бөлүнгөнүн айтып, ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр каалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: