Оппозициячылар 11-апрелде Жалал-Абадда курултай өткөргөнү жатышат
11-апрелде Жалал-Абад шаарында Улуттук оппозиция кыймылы курултай өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде кыймылдын уюштуруу тобу жарыялады.
Маалыматка ылайык, иш-чарада “Кумтөр” алтын кени, электр энергиясынын кымбаттоосу, люстрация мыйзамын киргизүү, энергетика тармагы жана "кримтөбөл" А.Батукаевге байланыштуу маселелер талкууланмакчы. Уюштуруучулар курултайга катышууга өлкөнүн президентин, премьер-министрди, Жогорку Кеңештин төрагасын жана 5 парламенттик фракция лидерлерин чакырарын баса белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















