Милиция "Ат-Башыда окуучулардын массалык мушташы болгон" деген маалыматты төгүндөдү
"Нарын облусунун Ат-Башы районунда күрөш боюнча мелдеш учурунда мектеп окуучуларынын массалык мушташы болгон эмес". Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгы жалпыга маалымат каражатынын аталган мушташ тууралуу берген маалыматын текшерүү иретинде иш-чараларды өткөргөн. "Текшерүүнүн жыйынтыгында 19-мартта Ат-Башы айылында "Плаза" спорттук комплексинде райондук мектептердин окуучуларынын арасында күрөш боюнча мелдеш өткөрүлгөнү аныкталган. Мелдеш аяктаганда, саат 15:00 чамасында Э.Үсөналиев атындагы мектептин 10-классынын окуучусу автоунаа менен артты көздөй жылып, 9-класстын окуучусун жөөлөп өткөн. Ошол учурда жанында турган окуучулар классташына жардам беребиз деп унааны токтотууга аракет жасашканда, унаанын капталдарындагы күзгүлөрүн сындырып алышкан. 9-класстын окуучусу жаракат алган эмес, массалык мушташ орун алган эмес",- деп билдирет мекеме.




1 |