Чүйдө териси сыйрылып, талаага ыргытылган жандыктардын эттери табылды, бул эшек эти деп болжолдонууда




Кечээ, 3-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында табылган белгисиз жаныбарлардын эттери эмненики экени аныктала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Эльнура Молдокадырова
Маалым болгондой, Ысык-Ата райондук милиция бөлүмү бул факты боюнча тергөө жүргүзүп жатат. "Жакын арада эшектикине окшош эттер экспертизага жөнөтүлөт. Жыйынтыгы дүйшөмбү күнү чыгары күтүлүүдө",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, буга чейин февраль айында Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы айтылып, коомчулукта чоң талкуу жараткан. Бул жолу да бул көрүнүштү көпчүлүк эшек эти деп болжоп жатат.
Чүйдө эшекке окшош жаныбарлардын тушалары табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Отунун сат,суун сат
Баарын сатып буткондо кыргызым
Эшек союп этин саат эй
Провокация жарата турган билдирүү жазуудан алыс болсоңуз.