Малайзия. Тик учак кулап, каза тапкан 6 адамдын бири кыргыз жараны экени маалым болду

Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында тик учак кулап, өрттөнүп кеткенинен улам каза тапкан 6 жарандын өздүгүн аныктоо иштери уланууда. Көз жумган 6 адамдын бири Айдана Байзиева аттуу кыргыз жараны экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, А.Байзиева учкучтун жардамчысы болгону божомолдонууда. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги ал кыздын Малайзияда турган эжеси менен байланышып, эртең сөөктү таануу иштерин жүргүзүүнү макулдашышты. Мындан тышкары элчилик А.Байзиева каттоодо турбаганын белгиледи.
Кошумчалай кетсек, бул кырсыктан тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышкан. Алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери бар болгон. Ошондой эле тик учактын учкучу АКШнын жараны, калган 4 адам Малайзиянын жарандары экени белгилүү болду. Алар Малайзиянын премьер-министринин кызынын тоюнан кайтып келе жатышканы да аныкталды (Малайзиянын премьер-министринин кызы Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын өгөй баласына турмушка чыккан).
кошулду


ХХХ ХХХ ХХХ да
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген бидирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Талкуудан алыстабасаңыздар.
Ата энесине конул айтам.
P.S. Кызыгып башында суроо пайда болгондор учун.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Анча мынча эркектердин колунан келбеген ишти кыргыз кызы аткарып жатат.. Чет мамлкекеттин чиновниктери менен тил билген, дил билген, мээси иштеген адам журот.
Олгон адамды да тынч койбойсунар да!