"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!

Сонун мүмкүнчүлүк! "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз! Белгилүү болгондой, жакында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "Элдик кабар" рубрикасы ачылган. Саналуу күндөрдө окурмандар турмуштук көйгөйлөр: айылдарда тоюттун кымбатташы, күтүүсүз жааган кардан гүлдөгөн бак-дарактардын үшүккө учурашы, шаардагы аялдамалардын кейиштүү абалы, тротуарга токтотулган автоунаалар, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүүгө өтүштү.
Сиз "Кабарды кантип жөнөтөм?" деп жатсаңыз, жолу жеңил. Аталган кызмат (приложение) аркылуу кабарды кыскача баяндап жөнөтөсүз, ошондой эле жаңылыктын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да тиркеп жиберсеңиз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Эң башкысы, сиздин кабар байгелүү болуп калышы толук мүмкүн. Ар бир айдын соңунда редакция окурмандар жөнөткөн кабарларды карап чыгып, мыкты деп табылган кабардын ээсине заманбап смартфон белек кылат. Кызыктуу маалыматыңызды тең бөлүшүп, белекке ээ болуңуз!
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
13

Бишкекте Ишти таштап жаңылык таап телефон алсаң ошол жакшы жумуш, себеби бир айлык менен мындай телефон ала албайсың да.
Мазактаган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуздар.
Эгер кабар актуалдуу, кызыктуу, көйгөйлүү, талкууга татыктуу, коомчулуктун көңүлүн бурат деп эсептесеңиз жөнөтсөңүз болот.