super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан кыргыз жараны Айдана Байзиеванын сөөгүн таануу боюнча иштер жүргүзүлөт

 

Малайзияда кулаган тик учактан каза болгон 6 адамдын бири Айдана Байзиева аттуу кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу 6-апрелде кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ал эми Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги Айдана Байзиеванын Малайзиянын Малакка штатында жашаган эжеси Луиза Байзиева менен байланышты. Маалым болгондой, бүгүн туугандары менен биргеликте А.Байзиеванын сөөгүн таануу боюнча иштер жүргүзүлөт. Андан кийин сөөктү Малайзияга коюу же кыргыз жерине алып келүү маселеси чечилет.  

Кошумчалай кетсек, бул кырсыктан тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышкан. Алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери бар болгон. Ошондой эле тик учактын учкучу АКШнын жараны, калган 4 адам Малайзиянын жарандары экени белгилүү болду. Алар Малайзиянын премьер-министринин кызынын тоюнан кайтып келе жатышканы да аныкталды (Малайзиянын премьер-министринин кызы Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын өгөй баласына турмушка чыккан).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: