Асылбек Анарбаев: “3-октябрдагы митингде "акча таратып элди көбүрөөк топтобойлубу" десем Садыр Жапаров каршы болду”

Бүгүн, 15-февралда "Ата Журт" партиясынын депутаттары боюнча өтүп жакан сотто Асылбек Анарбаев аттуу күбө суралды. Күбө буларды билдирди: “2-октябрь күнү Бишкектин Абдырахманов көчөсү-35 дарегинде жайгашкан кеңседе жыйын болду. Мен “митинг өткөрүүдө элди көбөйтөлү, акча каражаты менен каржылап бербейсизби" десем, “Кумтөр" Жапаровдуку эмес, элдики, каалагандар өз эрки менен келсин" деп каршы болду депутат Садыр Жапаров”. Ал ошондой эле митингчилер Ак үйдүн тосмосунан ашып жаткан учурда тосмодон ашкан жаш баланын далысына резина ок тийгенин, ал баланы ооруканага жеткирүүгө көмөктөшкөндүгүн айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

