super.kg logo

Быйыл Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүндө тамак-аштын тазалыгына өзгөчө көңүл бурулат

 
Быйыл 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн негизги темасы болуп тамак-аш азыктарынын коопсуздугу эсептелинет. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде маалымат жыйынында белгилүү болду. Маалым болгондой, 1948-жылы 7-апрелде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун түзүлгөндүгүнө байланыштуу аталган майрам ар жылы белгиленип келет. 
Тамак-аштын таза колдонулушу - ден соолуктун булагы. Бирок азыркы учурда азык-түлүк коопсуздугу улам жаңы коркунучтарга дуушар болууда. Анда камтылган коркунучтуу бактериялар, мите курттар жана химиялык заттар 200дөн ашуун. Алар ар түрдүү, курч кармаган жана өнөкөт оорулардын, ич өткөктөн баштап рак шишиктерине чейин илдеттердин себеби болуп калышы ыктымал. Ал эми керектөөчүлөрдүн өздөрү да тамак-аш азыктарынын гигиенасын так сактап, азык-түлүктү колдонууда коопсуздук техникасынын талаптарын так сактоосу да көңүл бура турган маанилүү маселелердин бири.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: