Ош. Билим берүү кызматкерлеринин республикалык тарбия конференциясы өтөт
Ош шаарында 24-25-апрель күндөрү “Кыргыз-түрк достугу” атындагы мектепте “Балдарга мээримибиз – бактылуу келечегибиз” аттуу билим берүү кызматкерлеринин республикалык тарбия конференциясы өткөрүлөт. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, конференциянын негизги максаты окуу процесси менен катар эле учурдун олуттуу маселесине айланып бараткан мектеп жашындагы өспүрүмдөрдү тарбиялоо иш-аракеттерине өзгөчө көңүл бөлүп, заман талабына ылайык жаңы усул-ыкмаларды колдонуу менен берилген тапшырмаларды ишке ашыруу болуп саналат. Ага вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери катышат.
Эске сала кетсек, өткөн жылы тарбия конференциясы республикада биринчи ирет өткөрүлүп, ал конференция да Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

