Талас облусунун башчысы Койсун Курманалиева кызматтан кетерин билдирди
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева кызматтан кетүү тууралуу жарыя кылды. Бул тууралуу 6-апрелде SUPER.KG порталына анын жардамчысы Нуркан Токторбаев билдирди. Анын айтымында, Курманалиева аталган кызматтан өз эрки менен кетүүдө.
“Облус башчы бүгүн "Манас-Ордо" комплексинде 7-Апрель революциясында курман болгондорду эскерип жатып, элдин алдында кызматтан кетерин айтты. Бирок азырынча арыз жаза элек”,- деди жардамчысы.
Айта кетсек, Койсун Курманалиева аталган кызматка 2010-жылы 6-апрелде элдин колдоосу менен келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















