super.kg logo
  Саясат  

Таласта Апрель революциясында курман болгондор эскерилди

 

Бүгүн, 6-апрелде Талас облусунда 7-Апрель революциясында курман болгондор эскерилди. 
Иш-чарага облус башчысы Койсун Курманалиева жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар тобу катышканын облустук администрациядан билдиришти. Эскерүү учурунда Апрель революциясында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду.

Өмүрбек Текебаев иш-чара соңунда элдин биримдиги баарынан жогору турарын айтты. “Уруу-урууларга, аймак-аймакка бөлүнбөй, ар бир жаран мамлекеттин бүтүндүгүн кымбат жана ыйык нерсе катары сезе билиши керек. Буга чейин баштан кечирген 2005, 2010-жылдардагы окуялардан сабак алып, өнүгүүгө умтулууга тийишпиз. Коомдо жат көрүнүштөр болбосун десек, катардагы ар бир атуул өз сезим-туюмунда революция жасап, ак менен караны ажырата билиши керек. Терс көрүнүштөргө себепчи болчу кадамдардан ар бир адам өзүн тыя билгенде гана өнүгүүнүн туруктуулугу сакталат,- деди депутат Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: