Өкмөт кыйын тагдырга туш болгон жаш балдар менен иштешкен уюмдарды каттоодон өткөрүп, сертификат берет

Социалдык өнүгүү министрлиги кыйын тагдырга туш болгон жаш балдар менен иштешкен уюмдарды каттоодон өткөрүп, сертификат берет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, азыркы тапта өлкө аймагында 17 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттары бар, алардын экөөсү психоневрологиялык. Муну менен катар ата-энесинин кароосунан калган 9 балдар мекемеси, жетим балдарды тарбиялоочу 20 уюм жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Ал эми 33 балдар үйү үй-бүлөлүк тибинде ишин алып барат. Мындан тышкары пансиондор, диний мекемелер, коомдук уюмдар, борборлор жана баш калкалаар жерлер гранттардын, эл аралык донорлордун, өздүк каражаттардын эсебинен күн көрүп келишет.
Булардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу максатында Социалдык өнүгүү министрлиги мындай мекемелерди аккредитациядан өткөрүү боюнча документ иштеп чыкты. Ага ылайык, балдарга кызмат көрсөткөн ар бир уюм каттоодон өтүш үчүн материалдык-техникалык, тиешелүү адистер санитардык-гигиеналык, өрткө каршы нормалар жактан кемтиги жок болушу абзел. Уюмдарды текшерүүгө алган комиссия социалдык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жарандык коомдун эксперттик тобунан куралат. Текшерүү иштери 45 күндүн ичинде жүргүзүлөт. Муну менен катар берилген сертификат комиссия тарабынан каалаган учурда артка кайтарылып алынышы мүмкүн. Аккредитация ар бир 3 жылда өткөрүлүп турат.


