super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөлүк банк өлкө жайыттарын жакшыртуу үчүн 15 миллион доллар каражат бөлөт

 

6-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору жактырылды.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк өлкөнүн жайыттарын жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү багытында жалпысынан 15 миллион доллар каржы бөлөт. Анын ичинде 6,75 миллион доллары гранттык, 8,25 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат.

Талкуу жүрүшүндө жайыттар өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык ижаралык негизде башка өлкөлөрдүн убактылуу пайдалануусуна бериле турганы белгилүү болду. Мисалы, кыргыз жайыттары мурда коӊшу Өзбекстан менен Тажикстанга берилип келген, азыр ал келишимдердин мөөнөтү бүткөн, келишим мөөнөттөрү узартыла элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: