super.kg logo
  Саясат  

Бактыгүл Жумабаева: "3-октябрдагы митингде Ташиев эмоцияга алдырдыбы, билбейм"

 

“3-октябрдагы “Кумтөр” кенин улутташтыруу боюнча митинг учурунда Камчыбек Ташиев эмоцияга алдырдыбы, билбейм, анын тосмодон ашканын да байкабай калдым”,- деди бүгүн, 15-февралда Камчыбек Ташиев, Сапаров Жапаров жана Талант Мамытов боюнча өтүп жаткан сотто күбө катары жооп берип жаткан Бактыгүл Жумабаева. Анын айтымында, депутат Камчыбек Ташиев митинг өтүп жаткан учурда элге каршы ок чыгарган коопсуздук кызматкерлерине “элди атпагыла, атсаңар мени аткыла” деген. “Балким, тосмодон ашкан элди атканын көргөндө Ташиев да ашып кеткен”,- деп кошумчалады күбө. Мамлекеттик айыптоочунун “Ташиевдин Чыңгыз хан жөнүндөгү айтып берген сөзүн, башка чакырыктарын уктуңузбу?” деген суроосуна Жумабаева “жок, уккан жокмун” деп жооп берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: