Ош. Согонду айылында болгон куюндан улам мектептин 1065 чарчы метр чатыры жабыркады






Алай районунун Согонду айылында болгон куюндан улам мектептин 1065 чарчы метр чатыры жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 6-апрель күнү саат 14:45 чамасында С.Жаанбаев атындагы орто мектептин аянты 840 чарчы метр болгон чатырын куюн аңтарып, ал ошол эле мектептин ортоңку корпусунун узуну 15 метр, туурасы 14 мерт болгон чатырынын үстүнө кулап түшүп, ортоңку корпусунун 225 чарчы метр чатырын талкалап кеткен. Жалпысынан мектептин 1065 чарчы метр чатыры жабыркаган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө, адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
aipo89

07.04.2015. 11:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратылыштын мыйзамы эмне демекчибиз?Бирок суйуктуу мектебибиз жаман болуптур!Коруп аябай капаландым!
islam14

07.04.2015. 13:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран гана мектебибиз...Буйруса жаныланат экен да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.