super.kg logo
  Саясат  

Бишкек-Торугарт жолун оңдоого кошумча 15 миллион доллар бөлүү тууралуу макулдашуу ратификацияланды

 
Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 12-мартында кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Айта кетсек, бул документке ылайык, аталган банк Бишкек-Торугарт унаа жолун оңдоого кошумча 15 миллион доллар бөлүп бермекчи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: