"Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингдин катышуучулары: "2010-жылкы убадалар качан аткарылат?"













"Акталбаган үмүттөр качан акталат?", "Ата-Бейиттеги" айтылган анттар аткарылдыбы?", "Апрель, Ош окуяларына качан баа берилет?" деген ураандар менен Апрель революциясынын баатырлары митингди улантышууда. Чогулуштун катышуучулары 5 жылдан бери жашоо өзгөрбөгөндүгүн жана берилген анттар аткарылбай жаткандыгын айтышууда. "Электр энергиясына болгон бааны көбөйтпөйбүз дешкен, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" дегендей, "жашоо жаңыланды" дешти, кана ишканалар курулуп, жаштарыбыз жумушка орношкону? Айтып олтурса көп эле маселе чечилбей жатат. Биз чындыкты билгибиз келет, убактылуу бийлик өкүлдөрү кылган иши боюнча бизге отчёт беришсин",- дейт Апрель элдик революциясынын баатыры Айбек Бузурманкулов.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Иш-чаранын башталганына бир топ убакыт болсо да, бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыгып, митингчилерге жолуккан жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Далили жок маалымат жазуудан алыс болуңуз.