super.kg logo

Нарын шаарында Апрель революциясынын 5 жылдыгына карата курман болгондорду эскерүү митинги өттү

 

Кечээ, 6-апрелде Нарын шаарында 7-Апрель - Элдик революция күнүнө карата курман болгондорду эскерүү митинги болуп өттү. Мэриядан кабарлашкандай, шаардагы “Тянь-Шань” сейил багында таң эрте муңдуу комуз күүлөрү жаңырып, Апрель баатырларына арналып тургузулган эстелик астына шаар, облус жетекчилигинин жана коомчулуктун өкүлдөрү гүлчамбарларды коюшту. Андан соң курман болгон баатырлардын арбагына куран окулду. Иш-чаранын жүрүшүндө маданият кызматкерлери тарабынан атайын Апрель революциясынын 5 жылдыгына карата даярдалган, кырчындай болгон жаш баланын бейкүнөө окко учкандыгы, анын жакындарынын көз жашы алигиче кургай электигин чагылдырган учурдан үзүндү көрсөтүлдү.

Кошумчалай кетсек, Нарын шаардык мэриясы тарабынан иш-чараны уюштуруп, өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Мунун ичинен 42 миң сому Апрель элдик революциясында кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жаракат алгандарга, активдүү катышуучуларына материалдык колдоо иретинде жумшалды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: