super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдүн жээгине чейин тосмо куруп алган пансионаттарды көрүштү

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында көчмө жыйын өткөрдү. Жыйында “Ысык-Көлдүн кум жээк зоналарына жарандардын кирип-чыгуусун камсыз кылуу чаралары жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланганын парламенттен билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев токтом долбоорунун максаты жарандардын көл жээгиндеги пляждарга эч кандай тоскоолдуксуз кирип-чыгышына шарт түзүү, пансионаттардын көл жээгине чейин куруп алган тосмолорун алып салуу экенин билдирди. Жыйынга катышкан облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев ушундай тосмолордун айынан жергиликтүү тургундар менен пансионат өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыгып жатканын айтып, көл жээгинен тарта 100 метрге чейин эч кандай тосмо болбошу керектигин белгиледи.

Пансионат жетекчилери тосмолор коопсуздуктан, санитардык абалдан улам курулгандыгын айтып чыгышты. Депутаттар пансионат ээлери бул тосмолорду мыйзамсыз курушканын айтышып, кумдуу жээктер ачык болушу үчүн сунушталган токтом долбоорун колдоого алышты. 

Көчмө жыйындын соңунда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Ысык-Көлдүн кум жээктерине эркин жана акысыз кирүү боюнча жарандардын укугун камсыз кылууга багытталган токтомдун долбоору жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: