Нарын. “Чабандес” сейил багынын тосмосуна жана Жеңиштин урматына тургузулчу монументке 500 миң сомго жакын каражат жумшалат











Нарын шаарындагы “Чабандес” сейил багы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Эки айлык ишембиликтин алкагында Нарын шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери учурда толук жаңылануу иштери жүрүп жаткан сейил бакка ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда буга чейин ички жумуштарды аткарып жаткан шаардык жашылдандыруу мекемесинин жумушчуларына мэриянын кызматкерлери тазалоодон кийин чыккан таштарды, курулуштун таштандыларын чыгарып техникага жүктөөгө, арык казуу иштерине жардам беришти.
Кошумчалай кетсек, аталган сейил бакка 36 карагай жана 12 арча-туя көчөттөрү отургузулган. Ошондой эле жакында 20 жергиликтүү балаты отургузуу жагы күтүлүүдө. Мындан сырткары 496 853 сомго сырткы тосмосун толук жаңыртуу жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата монумент орнотуу иштери аткарылат. Учурда монументти тургузууда кетчү чыгымдардын баасы аныкталууда.
Ошону менен бирге отургучтарды, түнкү жарыктарды, таштанды салчу урналарды орнотуу, жайгаштыруу иштери да жүргүзүлөт.


