super.kg logo

Бишкекте мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандарды кабыл алуу аземи болуп өттү

 

Бүгүн, 7-апрелде Бишкекте шаардан жана жалпы Чүй облусунан мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандарды кабыл алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынынын өкүлдөрү, Баткен кагылышынын катышуучулары, “Жоокерлер энелери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, жаш жоокерлердин ата-энелери, туугандары менен жакындары, достору катышышты. Алар аскерге жөнөп жаткандарга ийгиликтерди каалашты. Салтанат Башкы штабдын Борбордук армия үйүнүн артисттери даярдаган концерт менен коштолду.

Ушундай эле узатуу кечелери Каракол жана Токмок шаарларында уюштурулду жана республиканын башка жыйын пункттарында да өткөрүлөт. Кошумчалай кетсек, республикада Куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакыруу кампаниясы 1-апрелде өз ишин баштады. Бүгүнкү күндө 18 жашка толгон жарандар аскерге чакыруу кампаниясынын алгачкы каттоосунан өтүшүп, аскердик кызматты өтөөгө жарамдуулугуна жана ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүлдү. Ушул жазда бардыгы болуп 3000ге жакын адамды аскерге чакыруу пландалган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: