super.kg logo
  Саясат  

7-Апрель окуясын эскерүүгө арналган митингден фоторепортаж

 
Аза күтүү мүнөтүнөн кийин карабиндерден үч жолу залп атылып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ойнолду. Ошондой эле маркумдарга багышталган куран окулду.
Бүгүн, 7-апрелде 2010-жылкы Апрель революциясына 5 жыл толду.
Апрель окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстелик
2010-жылдын 7-апрелинде эл ушул "Форум" имаратынын жанына чогулуп, андан кийин Ак үйгө бет алган.

Бүгүн өлкөдө 7-Апрель окуясынын 5 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү. Борбордогу “Ала-Тоо” аянтында өткөрүлгөн эскерүүгө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экс-президент Роза Отунбаева жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева катышты. Иш-чарага 7-апрелде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик башка органдардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Андан соң иш-чара Апрель окуясында каза болгондордун сөөгү коюлган “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өттү. Кийин иш-чарага катышкандар маркумдарды Бишкектеги “Форум” имаратынын жанында да эскеришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: