super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" маселесин чече турган адамга ордумду бошотуп берем" деди

 

Бүгүн, 7-апрелде парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" долбоору тууралуу билдирүү жасады.

"Центерра" ишканасы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгында "Кумтөр" долбоору боюнча биргелешкен ишкана түзүү таптакыр өлкөбүзгө пайдасыз" деген чечимге келдим. Бирок "Кумтөрү" улутташтыруу мындан да начар чечим",- деди Оторбаев.

Премьер-министр "Кумтөр" долбооруна эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизбей, мунун ордуна ишкананын Директорлор кеңешинин курамын өзгөртүүнү сунуштады. "Кумтөрдү" реструктуризациялоонун башка түрүнө мен макул эмесмин. Жогорку Кеңешке "жумшак рейтинг" жүргүзүүнү сунуштайм. Эгер кайсы бир саясатчы "Кумтөрдү" реструктуризациялоо боюнча өлкөгө пайдалуу долбоор иштеп чыкса, мен өз кызматымды ага дароо тапшырып берүүгө даярмын",- деди Оторбаев.

Эскерте кетсек, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да убагында "эгер үлүштү 67 пайызга жеткирем дегендер болсо, ордумду бошотуп берүүгө, ал тургай ага кызмат кылып чай ташып берүүгө даярмын" деп бир нече билдирүү жасаган. Бирок ал сөзүнүн аягына чыккан эмес. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: