Алмазбек Атамбаев: "Мурунку бийликти эңсеп, Беларуска барып Бакиевдерге ырдап-бийлеп жүргөндөр арабызда жүрүшөт"
"Кыргыз мамлекетинде азыр мурунку бийликти эңсеп, аларга мурункудай эле кызмат кылып жүргөндөр аз эмес. Минсктеги канкорлорго байма-бай каттап, алардын тойлорунда ырдап-бийлеп жүргөндөр да бар",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде "Ала-Тоо" аянтында Элдик революциянын 5 жылдыгына арналган иш-чарада.
Автор: Автандил Добулбеков
Мамлекет башчы, карапайым калкты ою бузуктарга алданбоого чакырды.
"Кан жыттанган акча таратып, жаш балдарды баш аламандыкка түртүп, элди алдап, бөлүп-жаргандар да аз эмес. Убагында өлкөбүздү тоноп, эми элибизге күйүмүш болгондор мындан көп. "Кыргыз элине канчалык жаман болсо, ошончолук бизге жакшы" деп элибизге күнү-түнү жамандык тилеп жүргөндөр толтура. Мекендештерим, бул бузукуларга алданбагыла, булардын ким экенин унутпагыла",- деп билдирди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

