super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети "Кумтөр" маселесин чечүүдө өкмөттүн аракетин "канааттандырарлык эмес" деп баалады

 

7-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети "Кумтөр" боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту. Жыйынтыгында депутаттар "Кумтөр" маселесин чечүүдө өкмөттүн аракетин "канааттандырарлык эмес" деп баалашты. Эми бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.

Жогорку Кеңеш 26-февралда дагы "Кумтөр" боюнча парламенттин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, бир ай ичинде “Кумтөрдө” биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге келүү же улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүүнү тапшырган болчу. Өкмөт үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөр 95 пайызга аяктап калганын айткан болчу. Бирок азырынча эки тарап бир пикирге келе элек.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: